super.kg logo

Мальдив аралдарында чет элдик туристтик компаниялар үчүн жаңы салык киргизилет

 

Октябрь айынан тарта Мальдив аралдарында чет өлкөлүк компаниялар үчүн туристтик кызматтарды сатууга байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө кирет. Ага ылайык, чет элдик туроператорлор, турагенттиктер жана онлайн брондоо платформалары өлкөнүн салык кызматына катталып, туристтик салык төлөөгө милдеттүү болот.

Мальдив парламенти тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алды. Жаңы талаптар өлкөдөн тышкары катталган чет элдик жана офшордук брондоо платформаларына да тиешелүү. Алар Мальдив аралдарындагы мейманканаларды, турларды жана башка туристтик кызматтарды саткан учурда жаңы эрежеге баш иет.

Октябрь айынан тарта мындай компаниялар Мальдивдин Ички кирешелер башкармалыгына (MIRA) катталып, жергиликтүү кызматтарды сатуудан алынган туристтик GST салыгын төлөшү керек болот.

Мындан тышкары, өлкөдө «барган жердин өлкөсү» принциби киргизилет. Ага ылайык, компаниянын кайсы жерде катталганы же сатып алуучунун кайсы өлкөдө жашаганы негизги фактор болбойт. Эгер кызмат Мальдив аралдарында көрсөтүлсө, ага салык төлөнүшү керек.

Жаңы талаптардан улам айрым компаниялар кошумча чыгымдарды кардарларга өткөрүп бериши мүмкүн. Натыйжада чет элдик платформалар аркылуу брондолгон айрым мейманканалар, турлар жана башка кызматтардын баасы октябрдан кийин жогорулашы мүмкүн. Бирок баалар канчага өсөрү азырынча белгисиз.

Мальдив бийлигинин эсептөөлөрүнө караганда, жаңы салык системасы өлкөнүн бюджетине жылына болжол менен 1,6 млрд мальдив рупийин, башкача айтканда, 103,5 мииллиондолларга жакын киреше алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: