Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 460тан ашты
Непал менен Кытайдын Тибет аймагындагы чек арада болгон үрөй учурган катуу суу ташкынынан каза болгондордун саны 460тан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, Непалда 469 адам каза болуп, Кытайдын Тибет аймагында дагы үч адамдын өлүмү тастыкталган. Жалпысынан 1400дөн ашуун адам дайынсыз болууда.
Эске салсак, табигый кырсык 26-августта мөңгүнүн урашынан улам башталган ири суу ташкынынан кийин болгон. Сел үйлөрдү, жолдорду, көпүрөлөрдү жана башка инфраструктураларды талкалап кеткен. Учурда эки өлкөдө тең издөө-куткаруу иштери уланууда.
Кырсык болгон аймакта көптөгөн чет элдик туристтер болгон. Дайынсыз жоголгондордун арасында 30дан ашуун өлкөнүн жарандары бар.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсыкта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенинин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















