Ак-Бууранын жээгинде Ош шаарындагы эң чоң сейил бак ачылды (сүрөттөр)
Кечээ, 29-августта Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде аянты 15 гектарды түзгөн жаңы заманбап сейил бак пайдаланууга берилди.
Шаар бийлигинин маалымат кызматы билдиргендей, эс алуу жайы жашылдандырылып, гүлдөр отургузулуп, декоративдүү жарыктандыруулар жана эстетикалык инсталляциялар орнотулган. Парк шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлөлүк эс алууга ыңгайлуу коомдук жай болуп калды.
Сейил бактын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышты.
Калаа башчысы Ошто коомдук жайларды көбөйтүү жана шаарды көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантыларын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Birimdik5555
29.08.2026. 10:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ 29у дейби бугун го 29.08.2026
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















