Путин менен Си Цзиньпин Бишкекте жолугат
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 31-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушат. Бул тууралуу Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, саммит учурунда Путин жалпысынан тогуз эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат. Анын ичинде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Казакстан, Тажикстан, Монголиянын лидерлери менен жолугушуулар бар.
Ошондой эле Орусиянын президенти Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен сүйлөшөт.
Эскерте кетсек, ШКУ саммити 1-сентябрда Бишкекте өтүп, анда коопсуздук, экономика, саясат жана гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат. Жыйынтыгында болжол менен 25 документке, анын ичинде Бишкек декларациясына кол коюу пландалууда.
Ал эми 31-августта саммиттин алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Ага ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери катышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















