Норвегиянын жаңы падышасы дайындалды
Норвегиянын жаңы падышасы болуп маркум Харальд Vтин уулу Хокон такка отурду. Ал монарх катары Хокон VIII деген ысымды алды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, жаңы падыша атасы жана чоң атасы тандаган "Баары Норвегия үчүн" деген ураанды улантарын билдирди.
Хокон VIII 1973-жылы 20-июлда төрөлгөн. Ал 1991-жылы атасы Харальд V такка отурганда мураскер ханзаада болгон. Норвегиянын Аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөп, АКШда саясат таануу боюнча билим алган. Ошондой эле аскердик парашютчу сертификатына ээ экени маалыматта кошумчаланды.
Эскерте кетсек, Харальд V 28-августта 89 жашында дүйнөдөн кайтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















