Трамп АКШ менен Венесуэла мунай келишимин түзгөнүн жарыялады
АКШ менен Венесуэла мунай тармагындагы ири келишимге жетишкенин америкалык лидер Дональд Трамп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, келишим 65 миллиард баррелден ашык мунай запасын камтыйт. Трамп бул келишим дүйнөлүк тарыхтагы эң ири мунай келишими экенин айтып, америкалык тарапка келишимди ишке ашырууда салык төлөөчүлөрдүн каражаты талап кылынбай турганын белгиледи.
Ошондой эле Вашингтон Венесуэланын экономикасын калыбына келтирүүгө жана эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга кызыкдар экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















