Орусиядагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза тапты
Орусияда жол кырсыгынан улам бир кыргызстандык жаран каза таап, беш Кыргыз жараны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн ал жактагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каргаша кечээ, 1-сентябрда Саратов облусунун Совет районундагы Пушкинское айылында болгон. Жол кырсыгына 2 жеңил унаанын катышкан. Натыйжада 46 жаштагы кыргызстандык "Тез жардам" келгенге чейин, окуя болгон жерде каза болгон.
Ал эми жаракат алгандар Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү маселеси каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















