super.kg logo

Нарында ага-инилердин балдарынын чыры өлүм менен аяктады

 

Нарында ага-инилердин балдарынын чыры өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы бүгүн, 3-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя 24-августка караган түнү Кочкор районунун Төлөк айылында туугандардын ортосунда пикир келишпестиктен келип чыккан. Окуянын жүрүшүндө 1998-жылы туулган К.Б. аттуу жаран 2008-жылы туулган Ж.К. аттуу жаранга бычак сайган. Натыйжада Ж.К. алган жаракатынан улам каза болгон.

Аталган факт Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү К.Б. аттуу жаран кармалып, учурда камакта.

Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө окуяга катышкан жарандар бир тууган ага-инилердин балдары экендиги аныкталды. Ортодо пикир келишпестиктен улам жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө бычак колдонулган.

Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: