Асылбек Өзүбеков Номад ТВнын көк бөрүнү чагылдыруусуна суктанды (видео)
Белгилүү актёр, ырчы жана көк бөрү оюндарын алып баруучу Асылбек Өзүбеков Номад ТВ телеканалынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Ысык-Көлдөгү иш-чаралардан чагылдыруусуна жогору баа берди.
Ал телеканалдын ар бир спорттук мелдешти кеңири чагылдырып, алып баруучулардын оюндар тууралуу маалыматты түшүнүктүү жана кызыктуу жеткирип жатканын белгиледи.
Өзгөчө көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештерди тартуудагы кесипкөйлүккө көңүл бурду. Кыл чайнашкан кыраандардын тай казанга чейинки оюнун да камералар аркылуу жакындан көрсөтүп берүү көрүүчүлөргө мелдештин маанилүү учурларын толук көрүүгө мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.
Өзүбеков Номад ТВнын көчмөндөр оюндарын чагылдыруудагы эмгегине суктанып, телеканалдын командасына жогорку баасын берди.
Асылбек Өзүбеков Номад ТВнын көк бөрүнү чагылдыруусуна суктанды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















