super.kg logo

Депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Болотбек Борбиев Куала-Лумпурдагы AFPPD конференциясына катышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева менен Болотбек Борбиев Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өткөн Калк жана өнүгүү боюнча парламентарийлердин Азия форумунун (AFPPD) жылдык конференциясына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Конференция «Келечек үчүн парламенттик лидерлик: кам көрүү экономикасына жана демографиялык туруктуулукка жалпы коомдук мамиле» темасында өттү. Анда гендердик теңчилик, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жаштарга инвестиция салуу, климаттын өзгөрүшү жана активдүү узак жашоо маселелери талкууланды.

Эльвира Сурабалдиева AFPPD'нин Аткаруу комитетинин 102-жыйынына катышып, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баяндамалары өткөн сессияга төрайымдык кылды.

Ал эми Болотбек Борбиев «Жаштардын татыктуу иш менен камсыз болушу үчүн санариптештирүү: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы» аттуу баяндама жасап, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана жаштарды иш менен камсыз кылууда санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, Сурабалдиева Малайзия Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушту. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, депутаттардын түз байланыштарын кеңейтүү, комитеттер аралык алаканы өнүктүрүү жана эки өлкөнүн парламент жетекчилеринин өз ара сапарларын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Малайзиянын ишкер чөйрөлөрүнүн байланышын өнүктүрүү, билим берүү жана академиялык алмашууларды кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: