super.kg logo

Бала ырысы: 10-сентябрда 285,6 миллион сом төлөндү

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 10-сентябрда Бала ырысы ай сайынкы мамлекеттик жөлөкпулун төлөө үчүн кезектеги каржылоо жүргүзүлдү.

Маалымат базасы жаңыртылып, келип түшкөн арыздар этап-этабы менен каралып, маалыматтар кошумча текшерилгенден кийин жөлөкпул алуучу 232 миң 229 адам аныкталды.

Жалпы каржылоонун көлөмү 285 миллион 588 миң 480 сомду түздү.

Бала ырысы жөлөкпулу төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейинки балдарга берилет. Анын базалык өлчөмү айына 1 миң 200 сомду түзөт. Айрым категориядагы калктуу конуштарда жөлөкпулдун суммасы белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен эсептелет.

Министрлик жөлөкпул берүү боюнча санариптик жана уюштуруучулук процесстерди өркүндөтүү иштерин улантарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: