Кабардин-Балкариядагы кар көчкү: Каза болгон альпинисттердин саны 15ке жетти
Кабардин-Балкариянын Безенги капчыгайындагы Мижирги тоосунда кар көчкүдөн каза болгон альпинисттердин саны 15ке жетти. Бул тууралуу аймактын ӨКМине таянып, орусиялык басылмалар жазышты.
Кечээ, 10-сентябрда табылган альпинисттин сөөгү тик учак менен Нальчикке чыгарылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Калган эки альпинист тууралуу азырынча маалымат жок.
Куткаруучулар дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштерин бүгүн да улантышат.
Кырсык 6-сентябрда альпинисттер мөңгү аймагындагы маршрут менен өтүп жаткан учурда катталган. Жалпы топ 33 альпинисттен туруп, алардын ичинен 15 адам кар көчкү түшкөн аймакта калган. Кийин кырсыктан 14 альпинист каза болгону, дагы үчөөнүн дайыны чыкпай жатканы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















