super.kg logo

Депутат Гүлшаркан Култаева Аксыда жаңы мектеп жана бала бакчанын ачылышына катышты

 

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагында бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде №60 Рыскул Солпиев атындагы 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Иш-чарада депутат жергиликтүү тургундарды, мугалимдерди жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Ошондой эле мектептен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон билимдүү, мекенчил жаштар тарбияланып чыгышына тилектештигин билдирип, мугалимдерге ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, депутат Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылындагы №42 «Жаш-Муун» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына катышты.

Гүлшаркан Култаева жаңы бала бакчанын ишке берилиши балдарга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия алууга шарт түзөрүн белгилеп, бул мамлекеттин келечегине салынган маанилүү инвестиция экенин айтты.

Депутат жаңы мектеп менен бала бакча элге узак жылдар кызмат кылып, билимдүү жана мекенчил муунду тарбиялоого салым кошоруна тилектештигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: