Көк бөрү жана жер улакка кире албай калгандар билеттердин акчасын кантип кайтарып алышат?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге сатылган, бирок пайдаланылбай калган билеттер үчүн акчаны кайтарып алууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жалпысынан 7 миң билет сатылып, анын 4409у валидациядан өткөн, 2591и өткөн эмес.
"Акчасын кайтарып алууну каалагандар 20-сентябрга чейин nebs@minculture.gov.kg электрондук дарегине табыштама жөнөтүшү керек. Ага аты-жөнү, телефон номуру, билеттин же тапшырыктын номери, билеттин пайдаланылбай калган жагдайы жана электрондук билет менен төлөмдү ырастаган документ тиркелиши зарыл. Табыштамалар жекече каралып, текшерүүнүн жыйынтыгына жараша чечим кабыл алынат. Акчасы кайтарылууга тийиш болгон жарандарга төлөмдөр 5-октябрдан кечиктирилбестен берилет",- деп белгиленген маалыматта.
20-сентябрдан кийин берилген табыштамалар кабыл алынбай тургандыгы кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















