Ошто 1,5 миллион долларлык падел спорт борбору курулат
Ош шаарында заманбап падел спорт борборунун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы аянты 3300 чарчы метрди түзөт. Инвестициянын көлөмү 1,5 миллион долларга бааланууда. Борбор жабык форматта курулуп, иштер эки этап менен жүргүзүлөт.
Биринчи этапка 500 миң доллар инвестиция салынып, курулушту 2 айда аяктоо пландалууда. Экинчи этапка дагы 3 ай каралган.
Борбордо жалпысынан 10 падел корту болот. Анын сегизи төрт адамдан, экөө эки адамдан ойноого ылайыкташтырылат. Мындан тышкары, тренерлер үчүн бөлмөлөр, кабыл алуу жайы, намазкана, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, душ, санитардык түйүндөр жана кофе-бар каралган.
Падел – тенниске окшош ракеткалуу спорттун түрү. Ал кичирээк кортто атайын ракетка жана топ менен, негизинен жуп болуп ойнолот.
Спорт комплекси Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндө жайгашат. Мэриянын маалыматына караганда, буга чейин бул көчөнү спорттук шаарчага айландыруу пландалганы айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















