super.kg logo

Кыргызстан менен NABU тоо экосистемаларын жана ак илбирсти коргоо боюнча кызматташат

 

Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын сактоо, ошондой эле ак илбирстин популяциясын коргоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар Кемин районундагы жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборун мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Ошондой эле мөңгүлөрдү суу ресурстарынын булагы катары коргоо, тиешелүү багыттар боюнча адистерди даярдоо жана Кыргызстанда ак илбирсти сактоого арналган фестивалдарды өткөрүүгө көмөктөшүү маселелери каралды.

Динара Кемелова NABU өкүлдөрүнө 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берип, уюмду саммиттин иш-чараларына активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле 23-октябрда өтө турган Эл аралык ак илбирс күнүнө арналган иш-чараларга NABU'нун катышуусу сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: