super.kg logo

Чек араны коргоодо курман болгон аскерлердин элеси эскерилди

 

Бүгүн, 16-сентябрда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлерин эскерүүгө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев, Ички аскерлердин колбашчысы, полковник Дамир Алыбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Октябрь Урмамбетов чек араны коргоодо өмүрүн берген аскерлердин эрдиги жана мекенге болгон берилгендиги кийинки муундар үчүн үлгү болуп кала берерин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан чек арадагы куралдуу кагылышууларга катышкан аскер кызматкерлерине ыраазычылык каттарын тапшырды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар курман болгон аскерлердин элесине таазим этип, алардын эрдигин урмат менен эскеришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: