super.kg logo

Украина жана Жакынкы Чыгыш: Гутеррештен кооптуу эскертүү

 

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар дүйнө үчүн өтө олуттуу коркунуч жаратып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Гутеррештин айтымында, Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалда күн өткөн сайын абал курчуп баратат. Ал азырынча эч бир багытта жакшыруу байкалбай жатканын белгиледи.

Кырдаал ушундай нукта улана берсе, глобалдык деңгээлде катастрофалык жана өтө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон чоң жарылуу коркунучуна туш болобуз”, - деди БУУнун башкы катчысы Нью-Йорктогу басма сөз жыйынында.

Ошондой эле Гутерреш БУУ алдыдагы айларда дүйнө алдында турган бул чакырыктарга каршы күрөшүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонорун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: