Интернетте белгилүү болгон Панч маймылы тууралуу китеп чыгат
Интернетте белгилүү болгон Панч аттуу маймыл тууралуу китеп Японияда ноябрь айында жарык көрөт. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Панч 2025-жылдын июль айында Ичикава шаарындагы зоопаркта төрөлгөн. Аны апасы төрөлгөндөн көп өтпөй таштап кеткендиктен, зоопарктын кызматкерлери ага кам көрө баштаган. Кийин алар узун жүндүү жана кармоого ыңгайлуу болгон оюнчук орангутанды беришкен. Кичинекей Панч аны кучактап жүргөн видеолору менен интернетте белгилүү болгон.
"Багынба, Панч: маймылдын баласынын чоңоюу тарыхы" деп аталган китепте анын төрөлгөндөн тартып зоопарктагы маймылдар тобуна кошулганга чейинки жашоосу баяндалат. Китеп 48 беттен турат.
Басмакананын маалыматына караганда, китеп ар кандай курактагы окурмандарга арналат. Анын бир бөлүгү Ичикава шаарынын мектеп китепканаларына жана башка мекемелерине берилет.
Китептен түшкөн каражаттын бир бөлүгү зоопарк менен шаардын бюджетине которулат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















