Боливияда мышыктын жаңы түрү аныкталды
Боливияда жапайы мышыктардын жаңы түрү - тилкайо мышыгы (Leopardus tilcayo) аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, бул акыркы 100 жылдан ашык убакытта илимде расмий сүрөттөлгөн биринчи жаңы мышык түрү.
Тилкайо мышыгы Юнгас токойлорунда жашайт. Денесинин узундугу болжол менен 46 сантиметр, салмагы 1,4 килограмм. Генетикалык анализ анын башка жакын түрлөрдөн айырмаланарын көрсөткөн.
Окумуштуулар тилкайо болжол менен 1,4 миллион жыл мурун башка жолборс мышыктарынан бөлүнүп кеткенин аныкташкан. Жаныбар тууралуу азырынча маалымат аз экени белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2026-09-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















