Базар-Коргондо жаңы спорт зал пайдаланууга берилди
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Гумкана айылында Тагаев атындагы №19 жалпы билим берүү мектебине караштуу жаңы спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Курулуш министрлиги кабарлады.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Спорт зал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылган 105 социалдык объекттин катарына кирет.
Жаңы спорт залдын жалпы аянты 410 чарчы метрди түзөт. Имаратта кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мектептин имараты менен байланыштырган өтмө галерея жана спорт менен машыгууга зарыл болгон шарттар түзүлгөн.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















