Эльвира Сурабалдиева ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалбадиева ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Жолугушууда Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгы, парламенттер аралык байланыштарды күчөтүү, Кыргызстандын делегациясынын ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын ишине катышуусу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле 2025-жылдагы парламенттик шайлоолорго жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыктары жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштамалары боюнча пикир алмашуу болду.
Эльвира Сурабалдиева ЕККУ менен практикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Жогорку Кеңеш менен Программалык кеңсенин өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын айтты.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин макамы жана ишмердүүлүгү боюнча макулдашуунун долбоору талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















