Ошто күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери текшерилди
Бүгүн, 17-сентябрда Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жана Ош шаардык кеңешинин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү катышты.
Анын жүрүшүндө жылуулук, электр энергиясы, муниципалдык чарба жана башка тармактардын кышкы сезонго даярдыгы жеринде текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган маселелер боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилип, даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, кемчиликтерди тез арада жоюу жана техникалык иштерди күчөтүү милдеттендирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:10
2026-09-17
20:21
2026-09-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















