Шопоков шаарындагы №106 кесиптик лицейде текшерүү жүргүзүлдү
Шопоков шаарындагы №106 кесиптик лицейде бүгүн, 17-сентябрда өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө өрт коопсуздугунун талаптарын бузган бир катар кемчиликтер аныкталды. Анын ичинде автоматтык өрт сигнализациясынын орнотулбаганы, жыгач конструкциялардын оттон коргоочу курам менен иштетилбегени жана эвакуацияга тоскоолдук жараткан металл торчолордун орнотулганы белгиленди.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча лицейдин жетекчилигине тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.
ӨКМ билим берүү мекемелеринин жетекчилерин өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















