Согуштан улам дубалга катылган китептер 15 жылдан кийин ачылды (видео)
Сириянын Хомс шаарында 2011-жылы дубалдын артына жашырылган китепкана 15 жылдан кийин кайра ачылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Абу Билал аттуу сириялык жаран согуш башталган учурда жүздөгөн китептерди, илимий жана диний эмгектерди, ошондой эле бир катар документтерди дубалдын артына катып койгон. Кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен.
Ушул жылы 24-августта үйүнө кайтып келген Абу Билал дубалды бузуп, китептерин кайра алган. Маалыматка караганда, китептер жана документтер жакшы абалда сакталган.
Согуштан улам дубалга катылган китептер 15 жылдан кийин ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2026-09-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















