Адилет Орозбеков Бакуда ТМУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 17-сентябрда Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бешинчи жыйынына катышты.
Маалыматка ылайык, жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, учурдагы чакырыктар жана коркунучтар талкууланды. Ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды.
Катышуучулар терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле санариптик технологиялар менен жасалма интеллекттин тез өнүгүшү шартында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Адилет Орозбеков өз сөзүндө пайда болгон чакырыктарга өз убагында жооп кайтаруу үчүн ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы практикалык кызматташтыкты жана маалымат алмашууну мындан ары күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын соңунда коопсуздукту камсыз кылуу жана мындан аркы кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алмашуу болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















