АКШ Иран делегациясына БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн виза берди
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Ирандын делегациясына Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуу үчүн виза берди.
Associated Press агенттиги билдиргендей, анын курамында Иран президенти Масуд Пезешкианга жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи бар.
АКШнын Мамлекеттик департаменти визалар Ирандын негизги делегациясына жана анын ишин камсыздоочу кызматкерлерге берилгенин маалымдады.
"Кабыл алуучу өлкө катары алган милдеттенмелерибизге ылайык, Ирандын негизги делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катыша алат",- деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Иран делегациясына айрым чектөөлөр коюлуп, анын мүчөлөрүнө кымбат баалуу буюмдарды жана айрым башка товарларды сатып алууга тыюу салынат. Мамлекеттик департамент ошондой эле 2026-жылдагы делегациянын курамы 2025-жылга салыштырмалуу аз болорун белгиледи.
Бул чечим АКШ менен Ирандын ортосунда алты айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан чыңалуунун фонунда кабыл алынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















