Global Times: АКШнын Айды пайдалануусу коркунуч жаратат
Кытайлык Global Times гезити АКШнын бийлиги Айды милитаризациялоо аракети менен бардык өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын жазат.
"Ай мейкиндигин согуштук концепциясына ачык киргизген АКШнын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери өтө агрессивдүү жана кооптуу сигнал берип жатышат",- деп айтылат гезиттин редакциялык макаласында.
Авторлор Америка Кошмо Штаттары 2019-жылы Улуттук космостук күчтөрдү түзгөнүн жана 2025-жылы "Алтын күмбөз" космостук ракетадан коргонуу программасын ачканын белгилешет.
"1967-жылдагы Космостук келишимге кол койгон өлкө катары Америка Кошмо Штаттары ага баш ийиши керек. Ай сыяктуу асман объекттери тынчтык максаттарда гана колдонулушу керек, ядролук курал космосто жайгаштырылбайт жана өлкөлөр өздөрүнүн космос объекттери келтирген зыян үчүн жооптуу",- деп жазылат басылмада.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















