"Мага сүйүү жана тынчтык керек". Ирина Шейк жеке жашоосу тууралуу айтып берди
Белгилүү супермодель Ирина Шейк Vogue Arabia басылмасына сентябрь айында берген маегинде жеке жашоосу тууралуу айтып, учурда бойдок экенин жана кыялындагы адамды издеп жүргөнүн билдирди.

40 жаштагы модель азыркы жашоосунда өзүн бактылуу сезерин айтты. Анын негизги ролдору – эне, кыз жана эже болуу. Шейк тогуз жаштагы кызы Леаны актёр Брэдли Купер менен бирге тарбиялап келет. Ал эми энеликти жашоосундагы эң чоң жетишкендиги деп эсептейт.
Ошол эле учурда модель сүйүүгө дагы орун бар экенин белгиледи. Ал бир күнү өзүнө ылайыктуу адамды жолуктурарына ишенерин айтты.
Шейктин айтымында, апасы болочоктогу сүйүктүүсү телевизор оңдогон устачы да болуп калышы мүмкүн деп тамашалайт. Модель үчүн эркектин кесиби маанилүү эмес экенин белгилеп, анын жашоосуна сүйүү жана тынчтык алып келиши маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле Шейк 40 жашында мамиле үчүн "кандайдыр бир акылга сыйгыс окуяга" макул болууга даяр эмес экенин билдирди.
Супермодель модадагы чыныгы кесиптик жолу 30 жаштан кийин башталганын айтып, карьерасынын алгачкы он жылдыгын таанылуу үчүн күрөш менен өткөргөнүн белгиледи. Ал азыр да Йоджи Ямамото жана Жунья Ватанабе сыяктуу авангарддык дизайнерлердин кастингдерине башка талапкерлер менен бирдей катышат.

Шейк жаш кезине салыштырмалуу азыр өзүнө кыйла ишенимдүү экенин да айтты. Ал 40 жашты аялдар үчүн жаңы гүлдөп-өнүгүү мезгили деп атап, бырыштарына же дене түзүлүшүнө байланыштуу мурдагыдай кабатырланбай калганын белгиледи.
"Мен денемдин ар бир бөлүгүн жакшы көрөм", - деген модель.

Шейк аялдарга жаш курагына карабастан өздөрү каалагандай көрүнүүгө коом мүмкүнчүлүк бериши керек деп эсептейт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















