Японияда Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү (сүрөт)
19-сентябрда Жапониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулары дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу параддан өтүштү.
Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортчу жана 58 машыктыруучу бар.
Мындан тышкары, спортчуларга медициналык жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында Кыргызстандын делегациясынын курамында 7 дарыгер жана массажист бар.
Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















