MEGA жана Акнет үй интернетин, ITV жана мобилдик байланышты «Акнет Достук+» тарифинде бириктирет

MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору, «Акнет» компаниясы менен биргеликте, жогорку ылдамдыктагы үй интернетин, ITV санариптик телекөрсөтүүсүн, мобилдик байланышты жана популярдуу санариптик кызматтарды бир топтомго бириктирген жаңы комплекстүү «Акнет Достук+» тарифин ишке киргизип жатат. Бул жаңы сунуш сизге бир айлык төлөм менен бардык маанилүү кызматтардан пайдаланууга мүмкүндүк берет.
«Акнет Достук+» үйдө жана жолдо байланышта болууну каалаган үй-бүлөлөр жана колдонуучулар үчүн иштелип чыккан. Негизги топтомго чексиз мобилдик интернет, тармак ичинде чексиз чалуулар жана Кыргызстандын башка операторлоруна 100 мүнөт берилген эки MEGA SIM-картасы кирет.
«Акнет» 500 Мбит/с чейинки ылдамдыктагы үй интернетин жана 200дөн ашык телеканалдары бар ITV санариптик телекөрсөтүүсүн камсыз кылат. Жогорку ылдамдыктагы интернет сизге бир эле учурда бир нече түзмөктөрдө ыңгайлуу иштөөгө, окууга, жогорку сапаттагы видеолорду көрүүгө жана онлайн кызматтарга кирүүгө мүмкүндүк берет.
Тарифте кошумча түрдө START, Wink, MEGOGO, “Этномедиа” жана RizaNova сыяктуу популярдуу санариптик кызматтар жана онлайн кинотеатрлар акысыз сунушталат.
Зарыл болгон учурда, колдонуучулар тарифке жети кошумча SIM-картага чейин кошуп, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн бир топко бириктире алышат. Ар бир кошумча SIM-карта акциянын алгачкы үч мезгилинде 160 сом, андан кийин төртүнчү мезгилден баштап 320 сомду түзөт. MegaPay колдонмосу аркылуу (App Store и Google Play'де жеткиликтүү) топтун курамын өз алдынча башкара алышат — номерлерди кошуп же өчүрө алышат.
Акциялык мезгилде тарифтин алгачкы үч эсептөө мезгилинин ар бири үчүн 1320 сом турат. Төртүнчү мезгилден баштап, 30 күн үчүн абоненттик төлөм 1910 сомду түзөт.
Тарифти MEGA сатуу жана тейлөө борборунда арыз берүү менен активдештирүүгө болот. Андан кийин «Aкнет» адистери абоненттин дарегинде туташуунун техникалык мүмкүнчүлүгүн текшерип, алар менен байланышат. Техникалык жактан мүмкүн болгон жерде, «Aкнеттин» орнотуу тобу керектүү жабдууларды орнотуп, үй интернетин жана ITV санариптик телекөрсөтүүсүн кошуп, ошол эле учурда MEGA SIM-карталарын активдештирет.
"Акнет Достук+" - бул MEGA жана «Aкнет» улуттук операторлорунун кызматташтыгынын натыйжасы, ал мобилдик байланышты, жогорку ылдамдыктагы үй интернетин, ITV санариптик телекөрсөтүүсүн жана онлайн көңүл ачууну бүт үй-бүлө үчүн бир заманбап тарифтик чечимге айкалыштырат.
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















