Пауэрбанк күйүп, абадагы учак артка кайтууга мажбур болду (видео)
Нидерланддын мурдагы транспорт министри Камиэл Эйрлингстин пауэрбанкы учактын ичинде жарылып, өрт чыккан. Окуядан кийин учак багытын өзгөртүп, Амстердамга кайтып келгендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
KLM авиакомпаниясына таандык учак Амстердамдан Кюрасао аралына бара жаткан. Учуу башталгандан 5,5 саат өткөндө бизнес-класста Эйрлингстин пауэрбанкы күйүп кеткен.
Маалыматка караганда, ал гаджетин кубаттоого коюп, уктап калган. Экипаж өрттү тез арада өчүргөнү менен учактын командири коопсуздук үчүн кайра Амстердамга кайтууну чечкен.
Белгилей кетсек, KLM'дин эрежелерине ылайык, учуу учурунда пауэрбанктарды колдонууга жана кубаттоого тыюу салынат.
Пауэрбанк күйүп, абадагы учак артка кайтууга мажбур болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:45
2026-09-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















