Франция күйүүчү майга салыкты азайтуудан баш тартты
Франциянын бийлиги май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы рекорддук деңгээлге жеткенине карабастан, ага болгон салыктарды төмөндөтүүнү пландаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда өлкөнүн каржы министри Ролан Лескюр билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, 1-октябрдан тарта күйүүчү майдын кымбаттыгынан жабыркаган жарандарга кошумча колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок салыктарды жалпы төмөндөтүү каралган эмес.
Буга чейин Франциядагы "Улуттук биримдик" партиясынын президенттикке талапкери Марин Ле Пен күйүүчү майга болгон салыктар азайтылбаса, өлкөнүн экономикасынын токтоп калуу коркунучу бар экенин айткан.
Партия күйүүчү майга кошумча нарк салыгын 20 пайыздан 5,5 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштап келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:45
2026-09-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















