super.kg logo

Мэр Акаев Казакстандын элчисин кабыл алды

 
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 23-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектүү багыттары талкууланды.
Шаар башчысы Ош шаары менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында тыгыз өнөктөштүк орнотулганын белгилеп, бардык багыттар боюнча өз ара байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле жолугушууда өлкөлөр аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тарап үчүн тең пайдалуу демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: