Көк бөрү курамасынын АКШда турнесин өткөрүү сунушталды
Салык кызматынан жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы АКШ элчисинин орун басары Мэттью Хабиновски жана элчиликтин экономикалык жана коммерциялык маселелер боюнча кеңешчиси Брайан Кейбл менен жолугушту.23-сентябрда өткөн сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн көк бөрү курама командасынын АКШдагы турнесин уюштурууну талкууланды.
Шыкмаматов АКШда 50-60ка жакын спортчу жана командалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көк бөрүнүн алгачкы эл аралык турнесин уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Ал Ат чабыш жана жылкы чарбачылыгы өнүккөн Юта, Техас жана Монтана штаттарында өз ара мелдештерди жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү демилгеледи.
"Биздин кийинки кадам – көк бөрүчүлөрдү АКШга алып барып, аны эл аралык аудиторияга көрсөтүү. Бул жөн гана спорттук иш-чара эмес, кыргыз жана америкалык эки элдин ат маданиятынын жолугушуусу болушу мүмкүн. Биздин милдет – көк бөрүнү улуттук салт катары гана эмес, заманбап жана көрүүчүлөрдү кызыктырган спорттун түрү катары таанытуу",- деди Шыкмаматов.
Ошондой эле кыргызстандык спортчуларды жылкы чарбачылыгынын салттары жана АКШда кеңири тараган жылкы породалары менен тааныштыруу сунушталууда.
Өз кезегинде Хабиновски мындай иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-09-24
10:25
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















