Ошто дүкөндөн чыккан өрт 135 чарчы метр аянтты жалмап кетти (видео)
Бүгүн, 24-сентябрда саат 03:26да Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМдин маалыматына караганда, куткаруучулар жерине 03:29да барып, тилсиз жоону 03:42де чектөөгө алышкан.
Өрттүн кесепетинен дүкөндүн болжол менен 135 чарчы метр чатыры жана 6 муздаткычы күйгөн. Окуядан жабыркагандар болгон эмес.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдын өлчөмү аныкталууда.
Ошто дүкөндөн өрт чыгып, 135 чарчы метр чатыры күйдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-09-24
10:25
2026-09-24
8:29
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















