Кеминде мас абалында унаа башкарган айдоочуга 80 миң сом айып салынды (видео)
Чүй облусунун Кемин районунда жолдо авариялык кырдаал жараткан унаанын айдоочусуна чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя боюнча 102 кызматына айдоочу кайрылып, жолдо кооптуу абал жараткан унаа тууралуу билдирген. Окуя болгон жерге жол кайгуул кызматкерлери барып, Kia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгонун аныкташкан.
Айдоочуга протокол түзүлүп, унаасы айып короого киргизилди. Ага 80 миң сом айып пул салынды.
Кеминде мас абалында унаа башкарган айдоочуга 80 миң сом айып салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















