Бүгүн Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды
Казакстанда бүгүн, 25-сентябрь 12 аскер кызматкери каза болгон окуяга байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кечээ Каспий деңизиндеги аскердик машыгуу учурунда аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн. Анын кесепетинен 17 аскер кызматкери деңизге агып кетип, алардын 12си каза болгон.
Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2026-09-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















