Иран АКШ менен кол коюлган келишимди сактоого даяр
Тегеран июнь айында Вашингтон менен кол коюлган келишимди сактоого даяр. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан билдирди.
"Биз сиздин президентиңиз менен келишимге жетиштик. Ал кол коюлду. Жана анын негизинде биз алдыга жылууга даярбыз",- деди ал Fox News каналына 24-сентябрда берген маегинде.
Ал Тегеран чыр-чатакты баштабаганын баса белгиледи.
"Биз согушту тандаган жокпуз. Согуш бизге таңууланды... Биз согушту уланткыбыз келбейт. Америка бул согушту токтоткусу келеби же жокпу, өзү чечиши керек",- деди ал Иран менен АКШнын ортосундагы чыр-чатак ушул жылдын аягына чейин бүтөбү деген суроого жооп берип жатып. Анын айтымында, Тегеран согуш издеген эмес жана издебейт дагы, бирок өзүн чечкиндүү түрдө коргойт.
Эске салсак, 18-июнга караган түнү АКШ менен Иран чыр-чатакты токтотуу боюнча бир катар кадамдарды камтыган меморандумга кол коюшкан. Документте, атап айтканда, Ормуз кысыгын ачуу жана Тегерандын өзөктүк куралды иштеп чыгуу планы жок экенине кепилдиктери камтылган. Бирок бул келишим күтүлгөн натыйжаларды берген жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















