super.kg logo

Чыгып кетишип... БУУнун жыйынында Израилдин премьер-министри ыңгайсыз абалда калды (видео)

 

Кечээ, 24-сентябрда Нью-Йоркто Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында сөз сүйлөгөнү чыкканда ондогон делегаттар залдан чыгып кетишти. Бул тууралуу чет өлкөлүк мааалымат каражаттары билдиришти.

Нетаньяху аларды "моралдык коркоктор" деп атап, сөзүн уланткан. Ал Израил, Иран жана башка куралдуу топтор менен күрөшүп жатканын айтып, Газадагы согушка байланыштуу Израилге коюлган айыптоолорду четке каккан.

Ошол эле учурда БУУнун имаратынын алдында жүздөгөн адамдар Нетаньяхунун сапарына жана Израилдин Газадагы согушуна каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Полиция демонстрация учурунда болжол менен 100 адамды кармаганы белгилүү болду.






Израилдин премьер-министри Нетаньяху трибунага чыкканда ондогон делегаттар залдан чыгып кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: