Казакстандагы улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу бир катар концерттер жылдырылды
Бүгүн, 25-сентябрда Казакстанда Каспий деңизинде каза болгон аскер кызматкерлерине байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнү өтүүдө. Ушуга байланыштуу өлкөдөгү бир катар маданий иш-чаралар, концерттер жана спектаклдер башка күндөргө жылдырылды.
Алматыда 25-сентябрга белгиленген Майкл Жексондун чыгармачылыгына арналган дүйнөлүк трибьют-шоу 28-сентябрга жылдырылды.
Казакстандык ырчы Амре өзүнүн концертин токтотуп, 1-октябрга чейин бардык концерттерин, чыгарылыштарын жана башка иш-чараларын жылдырганын билдирди.
Шымкентте 25-сентябрга пландалган Ne Prosto Orchestra концерти 30-сентябрга которулду. Ал эми ырчы Абзал Утешовдун Астанадагы концерти 29-сентябрда өтөт.
Социалдык тармактарда башка ири күзгү иш-чараларды да жылдыруу боюнча талкуулар жүрүүдө. Алардын арасында Садраддиндин Алматыдагы 26–27-сентябрга пландалган стадиондук концерти жана Кайрат Нуртастын 27-сентябрда Астанада өтө турган юбилейлик концерти да айтылууда. Азырынча алардын өткөрүлүшү боюнча өзгөртүү тууралуу маалымат берилген эмес.
Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурунда күтүүсүз бороон жана катуу шамалдан улам 17 аскер кызматкери деңизге агып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 14 аскер каза болгон.
Каза болгон жоокерлерге байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-сентябрды жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















