Чүйдө шектүү 1,5 миллион сом суммадагы баңгизат менен кармалды
Чүйдө баңгизат таратууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Маалыматта ал баңгизаттарды жашыруун жерлерге катып жүргөндө колго түшкөнү айтылат. Андан 365 грамм синтетикалык баңгизаты табылган.
Аталган кызмат эгерде шектүү товарын сатса, анда мыйзамсыз кирешеси 1,5 миллион сомдон ашмактыгын белгиледи. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















