Айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүгө шектелгендер кармалышты
Сынактардан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүүгө шектелип "Унаа" мекемесинин Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкери жана ортомчу жаран кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кечээ, 25-сентябрдагы маалымат боюнча, алар айдоочулук күбөлүк алууга көмөк көрсөтүдө жарандардан 40 миң сомдон 150 миң сомго чейин алып турушкан. Шектүүлөр айдоочулук күбөлүгү жок жарандардын күбөлүгү болгон деген маалыматтарды архивдик каттоолорго киргизишкен. Анын негизинде жарандар күбөлүктү жоготкондугу тууралуу арыз жазышып, жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү алышкан.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда кылмыштуу схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:44
2026-09-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















