Баткенде уктап калган соодагердин мүлкүн уурдоого шектелген жаран кармалды
Кадамжай районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Баткен облустук милициясы билдирди.Маалыматта окуя 20-июль күнү болгону айтылат. Анда 43 жаштагы жаран Үч-Коргон айылындагы көчөлөрдүн биринде Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен дарбыз сатып жаткан. Ал бир убакта уктап калып, кубаттагычта турган 18 миң сомдук Redmi Note 13 үлгүсүндөгү телефонун уурдаткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:44
2026-09-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















