Өнөр адамдары Искусство университетинин курулушу тууралуу айтат (видео)
26-сентябрда Бишкек шаарында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы курулган окуу корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышкан.
Кыргыз өлкөсүнүн эл артисти Ибргаим Жунусов жаңы имаратта билим алган жаштар жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерге жетишерине ишеним артарын белгиледи.
"Керемет имарат түшүптүр. Бул өлкөдөгү алдынкы маданий жайлардын бири. Биз шарты жок жерде окуп, ушунчага жетиштик. Бул жерде окуган жаштар биз жеткен чектен 10, 100 эсе көпкө жетишет деп ойлойм", - деди ал.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеев аталган окуу жайдын жаңы имаратуу болгону өлкө жетекчилигинин улуттук өнөргө жасаган сыйы катары кабыл алганын айтат.
Жалпы аянты 8615 чарчы метр болгон беш кабаттуу имаратта аудиториялар, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана жана башка зарыл жайлар жайгашкан. Объекттин курулушуна Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнүп, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашты
Өнөр адамдары Искусство университетинин курулушу тууралуу айтат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:51
2026-09-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















