super.kg logo

Бишкекте 3 кабаттуу маданий борбор курулуп жатат

 
27-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Долбоорго ылайык, аянты 0,4 гектарды түзгөн жерде жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда.
Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу мейкиндиктер каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.
Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. 3-кабатта кирпич коюу иштери уланууда. 1- жана 2-кабаттарда дубалдарды шыбоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электр монтаждоо иштери аткарылууда.
Жнушалиев тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифттерди, ыңгайлуу санитардык жайларды, чакан чыгармачыл топтор жана студиялар үчүн атайын зоналарды долбоордо караштырууну тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: