Путин Орусиянын энергетика тармагындагы айрым маалыматтарды жарыялоого чектөө киргизди
Орусиянын президенти Владимир Путин күйүүчү май, энергетика тармагындагы айрым маалыматтарга жетүүнү чектеген жарлыкка кол койду. Документ 28-сентябрда күчүнө киргендигин орусиялык басылмалар жазышууда.
Чектөөгө Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун өндүрүш жана кайра иштетүү көлөмү, экспорттолгон продукциянын көлөмү жана баасы, сатуучулар менен сатып алуучулар тууралуу маалыматтар кирди.
Ошондой эле мунай жана мунай заттарын ташуунун маршруттары, деңиз транспорту, терминалдар, кампалар, жүктү жөнөтүү жана кабыл алуу жайлары тууралуу маалыматтарды жарыялоого чектөө коюлду.
Мындан тышкары, бажы операцияларына байланыштуу документтер, экспорттук бажы статистикасы, бензин жана дизель майын сатуу боюнча пландалган көлөмдөр жана биржада түзүлгөн айрым келишимдер тууралуу маалыматтар да чектөөгө алынат.
Жарлыкка ылайык, аталган маалыматтарды ЖМКларда жана интернетте таратууга болбойт.
Документте мындай чара АКШ жана ага кошулган мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын "достукка каршы аракеттерине" жооп катары кабыл алынганы айтылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















