АКШ менен Ирандын ортосунда бейформал байланыштар болуп жаткандыгы айтылды
АКШ менен Ирандын ортосунда азырынча толук кандуу сүйлөшүү процесси баштала элек, бирок тараптар бейформал байланыштарды түзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда орусиялык серепчи Рафаэль Гросси РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, тараптардын өкүлдөрү Нью-Йоркто, анын ичинде ушул жумада да байланыш түзүп жатышат. Азырынча бул байланыштар расмий эмес мүнөздө болуп, диалогду кайра жандандырууга багытталган.
“Азыр сүйлөшүү процесси жок. Бирок айрым байланыштар бар. Алар азырынча толугу менен бейформал мүнөздө, бирок диалогдун кайра жанданышына алып келет деп үмүттөнөм”,- деди Гросси.
Буга чейин АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр байланыштар Катар өлкөсүнүн ортомчулугу менен жүргүзүлүп келгени маалымдалган. Талкуулардын негизги темаларынын бири — ок атышууну токтотуу, Ормуз кысыгын кайра ачуу жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу.
Гросси сүйлөшүүлөрдүн ар кандай этаптарында бир нече ортомчу өлкөлөр катышканын белгиледи. Анын айтымында, өзөктүк маселе талкуунун маанилүү бөлүгү болгону менен, жаңжалдын андан ары кеңейишине башка факторлор да таасир эткен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















