Путин Орусия армиясынын санын 2,4 миллион адамга чейин көбөйттү
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн штаттык санын 2 миллион 441 миң 630 адамга чейин көбөйттү. Анын ичинен 1 миллион 550 миң 500ү аскер кызматкерлери. Бул тууралуу президент жарлыкка кол койгонун Орусия басылмалары жазышты.
Буга чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаттык саны 2 миллион 426 миң 130 адамды түзүп, анын 1 миллион 535 миңи аскер кызматкери болгон. Жыйынтыгында аскер кызматкерлеринин саны 15 миң 500гө көбөйдү.
Ошондой эле Путин өкмөтгө аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүүгө байланыштуу Коргоо министрлигине федералдык бюджеттен керектүү каражат бөлүүнү карап чыгууну тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:49
2026-09-29
10:9
2026-09-29
22:37
2026-09-28
18:43
2026-09-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















