Орусиядан 1 миллион рублдан ашык накталай акча алып чыгууга чектөө киргизилди
Орусиядан Кыргызстан жана бир катар жакынкы чет өлкөлөргө 1 миллион рублдан ашык накталай акча алып чыгууга тыюу салынды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Владимир Путиндин кол койгонунун орусиялык басылмалар жазышууда.
Чектөөгө Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгып жаткан жеке жактар кирет.
Белгиленген суммадан ашык акча алып чыгууга аракет жасалса, лимиттен ашкан сумма алынат. Эсептөөдө чек арадан өткөн күндөгү Орусия Борбордук банкынын расмий курсу колдонулат.
Атайын тартип менен алып чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.
Жаңы тартип Орусиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө накталай рубль алып чыгууга байланыштуу 1-апрелден бери колдонулуп келген эрежелерди толуктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:49
2026-09-29
10:9
2026-09-29
22:37
2026-09-28
18:43
2026-09-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















